# 201-берене. Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга тоскоолдук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 201-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-201

---

1. Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же ага катышууга мажбурлоо, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган ушундай эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-200)  
Кийинки берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-202)
