# 200-берене. Мыйзамсыз диний топту уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 200-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-200

---

1. Диний окууларды жайылтуу жана диний каадаларды аткаруу түрүндө иш жүргүзгөн топту уюштуруу же аны жетектөө, эгерде ал жарандардын укуктарына олуттуу залал келтирүү менен же жарандарды коомдук иштерден же жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга түртүү менен жасалса, ошого тете бул топко балдарды тартуу менен коштолсо, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн топтун ишине жигердүү катышуу, ошого тете мындай топтун ишин дайыма пропагандалоо, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-199)  
Кийинки берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-201)
