# 199-берене. Шайлоо документтерин бурмалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 199-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-199

---

1. Шайлоо документтерин, референдум документтерин бурмалоо, добуштарды билип туруп туура эмес эсептөө же шайлоонун, референдумдун натыйжаларын билип туруп туура эмес белгилөө, эгерде шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү, талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы, ошого тете саясий партиянын, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ушул жосундар жасалса, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) шайлоо комиссиясынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, катчысы тарабынан;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) электрондук шайлоо системасынын иштөөсүнүн белгиленген тартибин бузуу жолу менен, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-200)
