# 198-берене. Шайлоону же референдумду өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 198-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-198

---

Талапкердин, саясий партиянын талапкеринин же болбосо референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, алардын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн төмөнкүдөй жолдор менен жасаган аракеттери:

1) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү же референдумду өткөрүү демилгесин көтөрүү максатында шайлоо фондуна, референдум фондуна түшпөгөн каржы же материалдык каражаттарды ири өлчөмдө пайдалануу;

2) шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган жана атайын шайлоо эсебине, референдум фондунун атайын эсебине которулган кайрымдуулук каражаттарын ири өлчөмдө чыгымдоо, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-197)  
Кийинки берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-199)
