# 197-берене. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 197-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-197

---

Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ишин каржылоонун тартибин төмөнкүлөрдү жасоо менен бузуу:

1) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү фондду кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топко ири өлчөмдөгү акча же башка материалдык каражаттарды берүү;

2) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында шайлоо фонддоруна, референдум фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо;

3) шайлоо же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаны алууга же референдумду өткөрүү демилгесин коюуга багытталган, тиешелүү фонддон акысын төлөөсүз же тиешелүү фонддон негизсиз төмөндөтүлгөн баада акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;

4) шайлоо же референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган кайрымдуулук каражаттарын алмаштырылган жактар аркылуу шайлоо фондуна же референдум фондуна ири өлчөмдө төгүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 197 жана 198-беренелеринде ири өлчөм деп ушул беренеде көрсөтүлгөн жосундарды жасаган учурга карата шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун, референдум фондунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелген суммасынын ондон биринен ашкан, бирок мында 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмесин түзгөн акчанын суммасынын өлчөмү, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайданын наркы таанылат.

---

Мурунку берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-196)  
Кийинки берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-198)
