# 193-берене. Кат алышуу купуялыгын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 193-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-193

---

1. Байланыш каражаттары аркылуу берилүүчү же компьютерди пайдалануу менен кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялыгын бузуу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзүнүн кызмат абалын же маалымдабастан маалымат алууга арналган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен жасалган ошол эле жосун, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-192)  
Кийинки берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-194)
