# 191-берене. Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 191-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-191

---

1. Билип туруп мыйзамсыз кармоо, -

эки жылдык мөөнөткө чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Билип туруп мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо, -

үч жылдык мөөнөткө чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3.Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, оор залал келтирген жосундар, -

эки жылдык мөөнөткө чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Шектелгендин туугандарына анын кармалган фактысы жана турган жери жөнүндө атайылап кабарлабоо, мындай маалыматты алууга укугу бар адамга адамдын камакта кармалган жери жөнүндө маалыматты берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу, ошого тете иш жүзүндө кармоонун протоколу түзүлгөн убакытты же иш жүзүндө каралган убакытты бурмалоо, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-190)  
Кийинки берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-192)
