# 19-берене. Кылмыштарды классификациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 19-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-19

---

1. Кылмыштар мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук даражасына жараша коркунучтуулугу аз, анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар болуп бөлүнөт.

2. Кылмыштын оордугу берененин санкциясында көрсөтүлгөн кыйла катаал жазанын жогорку мөөнөтү (өлчөмү) менен аныкталат.

1) Коркунучтуулугу аз кылмыштарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралбаган, атайылап жана этиятсыздыктан жасалган кылмыштар кирет.

2) Анча оор эмес кылмыштарга мыйзам тарабынан беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар, ошондой эле он жылдан ашык эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган этиятсыздыктан жасалган кылмыштар кирет.

3) Оор кылмыштарга мыйзам тарабынан беш жылдан ашык, бирок он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар кирет.

4) Өзгөчө оор кылмыштарга мыйзам тарабынан он жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар кирет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-20)
