# 189-берене. Адамдын тең укуктуулугун бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54795..56378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 189-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-189

---

1. Адамдын тең укуктуулугун этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген бузуу, атап айтканда, укуктарын түз же болбосо кыйыр чектөө, анын ичинде укукту ишке ашырууга тоскоолдук кылуу же болбосо андай мүмкүнчүлүктөн ажыратуу, же жынысына, расасына, улутуна, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына жараша түз же болбосо кыйыр артыкчылыктарды белгилөө -

эки айдан бир жылга чейинки түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-190)
