# 182-берене. Балдарды чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдардын же согуштук аракеттердин зонасына алып чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 182-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-182

---

1. Баланы чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдардын же согуштук аракеттердин зонасына алып чыгуу, -

үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ата-эненин бири же баланы тарбиялоо боюнча милдеттер мыйзам менен жүктөлгөн адам тарабынан, ошого тете балдарды көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзамда жүктөлгөн педагог же башка билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекеменин кызматкерлери тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан топ тарабынан же кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-181)  
Кийинки берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-183)
