# 181-берене. Баланы коомго каршы аракеттерге тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июня 2025 года № 115 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028001)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=31996..33468>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 181-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-181

---

1. Баланы алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонууга, селсаяктыкка же тилемчиликке тартуу, же болбосо аны селсаяктыкта же тилемчиликте пайдалануу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ата-эненин бири, педагог же балага камкордук көрүү милдети мыйзам менен жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ушундай эле жосун, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2025-жылдын 10-июнундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-180)  
Кийинки берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-182)
