# 180-берене. Баланы кылмыш жасоого тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 180-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-180

---

1. Он сегиз жашка жеткен адам тарабынан кандай гана ыкма менен болбосун баланы кылмыш жасоого тартуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун ата-эненин бири, педагог, же болбосо мыйзам менен балага камкордук көрүү милдети жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалса, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, баланы уюшкан топко же кылмыштуу коомдоштуктун курамына, же болбосо оор же өзгөчө оор кылмышты жасоого тартуу менен байланышкан жосундар, ошондой эле коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивде жасалган кылмыштар -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-179)  
Кийинки берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-181)
