# 179-берене. Балдардын ата-энесин багуудан качуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 декабря 2024 года № 190 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23434..23437>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 179-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-179

---

1. Жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн качуусу, карыздын суммасы 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн учурда, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

2. Жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн качуусу, карыздын суммасы 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн учурда, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга милдеттүү адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуусу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуу деп эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык жактан коргоо боюнча органдарга ишке орношуу үчүн келүүдөн, медициналык кароодон өтүүдөн, ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди алуудан баш тартуу, ошондой эле ишке орноштуруу жөнүндө соттун чечимин аткарбоого алып келген башка иш-аракеттер (аракетсиздик) түшүнүлөт. Эгерде ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга каражаттарды төлөө боюнча карызын толук көлөмдө жойсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2024-жылдын 2-декабрындагы № 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-178)  
Кийинки берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-180)
