# 178-берене. Ата-эненин балдарды багуудан качуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 08.07.2024 [Закон КР от 8 июля 2024 года № 115 "О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=50116..53979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 178-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-178

---

1. Ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга соттун чечиминин негизинде 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу, -

жүз сааттан эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартуу же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

2. Ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга соттун чечиминин негизинде 24 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу,-

эки жүз сааттан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга милдеттүү болгон адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете соттун чечими жана сот аткаруучусунун токтому боюнча ишке орношуудан баш тартуусу, -

1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде соттун чечими жана сот аткаруучусунун токтому боюнча ишке орношуудан баш тартуу деп эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык жактан коргоо боюнча органдарга ишке орношуу үчүн келүүдөн, медициналык кароодон өтүүдөн, ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди алуудан баш тартуу, ошондой эле ишке орноштуруу жөнүндө соттун чечимин жана сот аткаруучусунун токтомун аткарбоого алып келүүчү башка иш-аракеттер (аракетсиздик) түшүнүлөт. Эгерде кылмыш жасаган адам баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон балдарды багууга каражаттарды төлөө боюнча карызын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө жойсо, ал адам ушул беренеде каралган кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде каралган кылмыштарды жасаган адамдарга карата ушул Кодекстин 57 жана 82-беренелеринин талаптары колдонулбайт; көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга каражаттарды төлөө боюнча карыздар толук көлөмдө төлөнгөнгө чейин кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 115, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-177)  
Кийинки берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-179)
