# 170-берене. Адамдын эмгегин мажбурлап пайдалануу (кул эмгеги)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 170-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-170

---

1. Ага карата менчик укугуна тиешелүү ыйгарым укуктар жүзөгө ашырылган адамдын эмгегин мажбурлап пайдалануу, эгерде адам өзүнө байланыштуу болбогон себептер боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруудан баш тарта албаса, -

үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан ашык адамдарга карата;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;

3) жабырлануучунун ким экендигин күбөлөндүргөн документтерди алып коюу, жашыруу, же болбосо жок кылуу менен;

4) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген шантажды, зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

5) кызмат абалын пайдалануу менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) он төрт жашка толо элек балага карата жасалса;

2) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген;

3) уюшкан топ тарабынан жасалган;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-169)  
Кийинки берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-171)
