# 169-берене. Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 169-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-169

---

1. Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан ашык адамдарга карата;

2) он төрт жаштан оң сегиз жашка чейинки балага карата;

3) кош бойлуу аялга карата;

4) ден соолугу жана өмүрү үчүн коркунучтуу болгон зомбулукту колдонуу менен;

5) курал-жаракты же курал жарак катары пайдаланылуучу башка нерселерди колдонуу менен;

6) адамдардын тобу тарабынан;

7) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) он төрт жашка толо элек балага карата;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

4) этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген;

5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү адам жабырлануучуну 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошотсо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-168)  
Кийинки берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-170)
