# 168-берене. Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 168-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-168

---

1. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мыйзамсыз алып келүүнү же алып чыгууну уюштуруу, же транспорт каражаттарын, же жасалма документтерди, турак же башка жайларды берүү, ошого тете пайда алуу максатында же аны колдонбостон жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүү, чыгуу, жүрүү, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит боюнча башка кызматтарды көрсөтүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) балага карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;

5) кылмышкерге материалдык же башкача көз каранды болгон адамга карата;

6) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүү менен;

7) уюшкан топ тарабынан;

8) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

9) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Мигранттарды мыйзамсыз алып келүү (алып чыгуу) деп жеке же юридикалык жактардын түздөн-түз же кыйыр түрдө финансылык же башка материалдык пайда табуу максатында жарандык статусу же туруктуу жашоого укугу жок же болбосо бул укуктар мамлекеттик органдарга жалган маалыматтарды берүү аркылуу алынган тигил же бул адамдын мыйзамсыз кирүүсүн жана чыгуусун, жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча иши түшүнүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-167)  
Кийинки берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-169)
