# 166-берене. Адамдарды соодалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 166-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-166

---

1. Адамдарды соодалоо, башкача айтканда, коркутуу, күч колдонуу же башка формадагы мажбурлоо, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо, жолу менен эксплуатациялоо максатында адамды макулдугу менен же макулдугу жок азгырып жалдоо, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун;

1) эки же андан көл адамдарга карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) кызмат абалынан пайдалануу менен;

5) жабырлануучуну Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү же аны чет жерде мыйзамсыз кармап туруу менен;

6) күнөөлүү адамга материалдык же башкача көз каранды болгон адамга карата жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун;

1) кош бойлуу аялга карата;

2) трансплантациялоо үчүн адамдан же өлгөн адамдан органдарын же ткандарын алуу максатында;

3) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

4) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

6) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Баланы анын макулдугу менен же макулдугусуз, күч же мажбурлоонун, шантаждын, уурдоонун, алдамчылыктын, алдоонун башка формаларындагы колдонбостон эксплуатациялоо максатында азгыруу, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Азгыруу деп кандайдыр-бир иштерди аткаруу, жалдоочунун же башка адамдардын кызыкчылыктарында кызмат көрсөтүү үчүн материалдык сый акыга издөө, тандап алуу, кабыл алуу жана жалдоо боюнча жеке же юридикалык жактардын иши түшүнүлөт. Эксплуатациялоо деп адамды сойкулукка же сексуалдык эксплуатациялоонун башка формаларына, иштетүүгө же кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо, кулчулукка, куралдуу жаңжалдарга катышууга, анын ичинде карыздык милдеттенмелерди, материалдык жана башка көз карандылыкты, ошондой эле алардын жалданма абалын пайдалануу аркылуу ишке тартуусу түшүнүлөт. Адамдарды соодалоонун курмандыгы болгон адам адамдарды соодалоо процессине тартылышынын натыйжасында мындай аракетке барган болсо, коркунучтуулугу аз же анча оор эмес жосун жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-165)  
Кийинки берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-167)
