# 165-берене. Адамды уурдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 165-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-165

---

1. Ушул Кодекстин 257-беренесинде каралган кылмыштын белгилери болбогондо, анын туруктуу же убактылуу турган жеринен айырмаланган жерге андан ары кармоо менен коштолгон колго түшүрүү, алдоо же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту кылам деп коркутуу менен жасалган адамды анын эркине карап уурдоо, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамдарга карата;

2) балага карата;

3) кош бойлуу аялга карата;

4) трансплантация үчүн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында;

5) трансплантация үчүн өлгөн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында,

6) төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында;

7) адамдардын тобу тарабынан;

8) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

9) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундар, эгерде күнөөлүү адам уурдалган адамды өз ыктыяры менен бошотсо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) он төрт жашка толо элек балага карата;

2) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;

3) куралды же курал катары колдонулуучу буюмдарды колдонуу менен;

4) өзгөчө оор залал келтирүү менен;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

7) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-164)  
Кийинки берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-166)
