# 163-берене. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 163-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-163

---

1. Жаныбарлардын денесин оорутуу жана (же) азап тарттыруу максатында аларга ырайымсыз мамиле жасоо, ошого тете анын өлүмүнө же жаракат алышына алып келген бейбаштык же пайда көрүү ниети менен ошого тете кыйноо, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) бир нече жаныбарларга карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) садисттик ыкмаларды колдонуу менен;

4) он төрт жашка толо элек баланын катышуусунда;

5) жалпыга маалымдоо каражаттары же Интернет тармагы аркылуу ачык көрсөтүү менен, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге, 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-164)
