# 1601-берене. Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 153 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011455)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=14042..14066>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-1601>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-1601.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 1601-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-1601

---

1. Акчалай пайда же башка материалдык компенсацияларды алуу максатында адамдын сексуалдык каалоолорун же фантазияларын канааттандырууга багытталган, анын ичинде көрүүчү жана оозеки интимдик мамилелерди камтыган сойкулукту жана ыпластыкты атайын платформанын (вебкам-студиянын) жардамы менен түз эфирде (онлайн) интернет аркылуу уюштуруу жана ага көмөктөшүү -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар төмөнкүлөр тарабынан жасалса:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган ошол эле жосундар -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган балдарды пайдалануу менен жасалган жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.". Эскертүү. Вебкам-студия деп адамдын акчалай пайда алуу же башка материалдык пайда өндүрүү (вебкам-бизнес) максатында, бул үчүн атайын уюштурулган жана жабдылган жайларда атайын платформанын жардамы менен интернет аркылуу түз эфирде сексуалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сексуалдык мүнөздөгү башка ыплас аракеттерди жасоону уюштуруусун түшүнүү керек. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-160)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-161)
