# 159-берене. Сойкулук кылууга тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 09.08.2022 [Закон КР от 9 августа 2022 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 159-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-159

---

1. Ушул Кодекстин 154 жана 155-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же аны колдоном деп коркутуу жолу менен, мүлктү жок кылуу же зыян келтирүү менен, шантаж кылуу же алдоо менен сойкулук кылууга тартуу, же болбосо сойкулук кылууга мажбурлоо, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) (КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

7) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Балага карата жасалган ошол эле жосун, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-158)  
Кийинки берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-160)
