# 156-берене. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 09.08.2022 [Закон КР от 9 августа 2022 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=14066..14072>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 156-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-156

---

1. Ушул Кодекстин 154 жана 155-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, шантаж кылуу жолу менен же болбосо жабырлануучунун материалдык же башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбияндыкка же сексуалдук мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга адамды мажбурлоо, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;

2) ата-эне же жаш баланы тарбиялоо боюнча мыйзам менен милдеттери жүктөлгөн башка адам, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо балдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзам менен жүктөлгөн башка мекеменин кызматкери тарабынан жасалса, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ошол эле жосун он төрт жашка толо элек балага жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга же майыптарга карата жасалса, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2024-жылдын 7-августундагы № 161, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-157)
