# 155-берене. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 09.08.2022 [Закон КР от 9 августа 2022 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 155-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-155

---

1. Жабырлануучунун же башка адамдын өмүрүнө же ден соолукка коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон;

4) жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -

сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

он беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар он төрт жашка толо элек балага же майыпка карата жасалса, -

он беш жылга эркиндигинен ажыратууга же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-156)
