# 154-берене. Зордуктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 09.08.2022 [Закон КР от 9 августа 2022 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 154-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-154

---

1. Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон;

4) жабырлануучуга же анын жакындарына карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -

сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) кош бойлуулукка алып келсе;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата жасалса;

3) уюшкан топ тарабынан жасалса;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса;

5) этиятсыздыктан оор залал келтирсе;

6) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалса -

он беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар он төрт жашка толо элек балага же майыпка карата жасалса, -

он беш жылга эркиндигинен ажыратууга же болбосо эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-155)
