# 1521-берене. Салттуу (элдик) медицина менен мыйзамсыз алектенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23437..23463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-1521>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-1521.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 1521-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-1521

---

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген, жогорку медициналык билими жок жана салттуу (элдик) медицина жаатында атайын даярдыктан өтпөгөн адамдын салттуу (элдик) медицина менен алектенүүсү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-152)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-153)
