# 150-берене. Түйүлдүк жагынан тыюу салынган аракеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 150-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-150

---

Аялды жасалма уруктандыруу боюнча же денеден тышкары сакталган адамдын түйүлдүгү менен жүргүзүлүүчү аракеттердин жүрүшүндө жасалган:

1) камтылган жыныстык хромосомасы боюнча тандалган сперматозоид менен аялдын урук клеткасын жасалма уруктандыруу, жыныс белгиси боюнча берилүүчү тукум кууган катуу ооруу менен баланын ооруп калуусун болтурбоо максатында, жыныстык клетка тандалган учурларды кошпогондо, же

2) уруктандырылган урук клеткасынын ядросун башка тирүү же өлгөн кишинин түйүлдүгүнүн, уругунун клеткасы менен ошол түйүлдүккө, урукка, тирүү же өлгөн кишиге, тукум куучу маалыматка окшош кишинин түйүлдүгүн жаратуу максатында алмаштыруу, же

3) ар кандай тукум кууган маалыматы бар түйүлдүктөргө кошуу, эгерде алардын жок дегенде бири кишинин түйүлдүгү болсо, ошого тете клеткалардагы түйүлдүктөрдөн айырмаланган тукум кууган маалыматты камтыган жана аны менен бирге өсүүгө жөндөмдүү клетканы кишинин түйүлдүгүнө кошуу, же

4) адамдын урук клеткасын жаныбардын сперматозоиди менен же жаныбардын урук клеткасын адамдын сперматозоиди менен уруктандыруу жолу менен өсүүгө жөндөмдүү түйүлдүктү жаратуу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-151)
