# 15-берене. Кылмыш жасаган адамдарды өткөрүп берүү (экстрадициялоо)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 15-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-15

---

1. Башка мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган Кыргыз Республикасынын жарандары өткөрүп берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш жасаган жана анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, эгерде мындай өткөрүп берүү эл аралык келишимде ал эми эл аралык келишим жок болгон учурда эки тараптуу мамиленин принцибинин шарттарында каралса кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же болбосо жаза өтөө үчүн башка мамлекетке өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Адам башка мамлекетке өткөрүп берилбей турган учурлар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси менен аныкталат. Мындай адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекске ылайык чечилет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-16)
