# 147-берене. Адамга сыноону мыйзамсыз жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23437..23463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 147-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-147

---

1. Адамга (анын мыйзамдуу өкүлүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугусуз же башка мыйзамсыз түрдө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды клиникалык изилдөөнү (сыноону) өткөрүү, ошого тете адамга медициналык-биологиялык, психологиялык же башка сыноолорду, же болбосо изилдөөлөрдү жүргүзүү этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

эки жылга чейин эркиндигинен ажыратуу же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген же балага карата же аракетке жөндөмсүз же күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы адамга карата жасалган ошол эле жосун, -

беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-146)  
Кийинки берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-148)
