# 146-берене. Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 146-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-146

---

1. Оорулууга медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүү жана ага мүмкүнчүлүгү бар болгон медициналык кызматкердин жүйөсүз себептер боюнча мындай жардам көрсөтпөй коюусу, ошого тете медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин жеңил ойлуулуктук же этибарга албоонун айынан аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

200дөн 300 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-145)  
Кийинки берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-147)
