# 145-берене. Жардам көрсөтпөй коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 145-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-145

---

Балалыгына (он төрт жашка чейин), карылыгына, оорусуна же алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга мүмкүнчүлүгү болбогон жана өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу абалда калган адамга, эгерде күнөөлүүнүн жабырлануучуга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болуп, жардам көрсөтпөө, же жабырлануучунун мындай абалы жөнүндө тиешелүү мекемелерге же болбосо адамдарга билдирбей койсо, эгерде этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келсе, - эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-146)
