# 144-берене. Коркунучта калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 144-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-144

---

1. Эгерде күнөөлүү өзү аны өмүрүнө, анын ичинде транспорттук жол кырсыгынын кесепетинен коркунуч туудурган абалда калтырса, же жабырлануучуга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо жана ал жөнүндө кам көрүүгө милдеттүү болгон башка себептерден улам балалыгына (он төрт жашка чейин), карылыгына, оорусуна же өзүнүн алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга карата чара көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамга билип туруп жардам бербестен, анын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу абалда атайылап таштап кетүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү же ансыз колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-143)  
Кийинки берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-145)
