# 143-берене. Венерикалык же айыкпас жугуштуу ооруну жуктуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 143-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-143

---

1. Оорусунун бар экендигин билген адам тарабынан венерикалык ооруну башка адамга атайылап жуктуруусу, -

200дөн 300 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Башка адамды адамдын иммундук жетишсиздик вирусун жуктуруу коркунучун, же болбосо адамдын өмүрүнө коркунучтуу болгон башка айыкпас жугуштуу ооруну жуктуруу коркунучун туудуруу, эгерде оору жуга элек болсо, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 300дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзүндө бул оору бар экендигин билген адамдын башка адамга адамдын иммундук жетишсиздик вирусун, же болбосо башка айыкпас жугуштуу ооруну этиятсыздыктан жуктуруусу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Башка адамга адамдын иммундук жетишсиздик вирусун, же болбосо адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу башка айыкпас жугуштуу ооруну жуктуруу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде ВИЧ-инфекциясынын жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого өз ыктыяры менен макул болгон учурда, ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар үчүн адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-142)  
Кийинки берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-144)
