# 142-берене. Мыйзамсыз боюнан алып салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 142-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-142

---

1. Мыйзамда жол берилген мөөнөттөн кечигүү менен гинеколог тарабынан кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, ошого тете мыйзам боюнча боюнан ал укугуна ээ болбогон адам тарабынан жасалган кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, эгерде бул этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.

2. Гинеколог тарабынан мыйзамда жол берилген мөөнөттөн кеч жасалган кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, эгерде бул этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген мыйзам боюнча боюнан алдыруу укугуна ээ болбогон адам тарабынан кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-143)
