# 141-берене. Адамдын органдарын же ткандарын трансплантация жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу, ошого тете аларды мыйзамсыз сатуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 141-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-141

---

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген адамдын органдарын жана (же) ткандарын алуунун шарттарын жана тартибин, же болбосо мыйзамда каралган трансплантациялоонун шарттарын жана тартибин атайылап же этиятсыз бузуу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ушундай эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамдарга карата;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;

3) күнөөлүү үчүн билип туруп алсыз абалдагы адамга карата;

4) күнөөлүү үчүн билип туруп кош бойлуу аялга карата;

5) алдоо менен же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу менен;

6) жабырлануучунун материалдык же башка көз карандылыгын пайдалануу менен;

7) адамдын органдарын же ткандарын мыйзамсыз сатуу максатында;

8) адам тарабынан өзүнүн кызмат абалынан пайдалануусу менен;

9) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү же чет өлкөдө адамды мыйзамсыз кармоо менен;

10) адамдардын тобу тарабынан;

11) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

12) уюшкан топ тарабынан;

13) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

14) жана этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген;

15) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жана мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-142)
