# 140-берене. Трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын же ткандарын алууга мажбурлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 140-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-140

---

1. Ушул Кодекстин 130 жана 131-беренелеринде каралган кесепеттери жок болгон, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу менен, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо алдоо жолу менен адамды өзүнөн же анын жакындарынан органдарын же ткандарын трансплантациялоо үчүн алууга мажбурлоо, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүдөн материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата жасалган ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-141)
