# 139-берене. Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 139-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-139

---

1. Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу, эгерде аны жүзөгө ашыруудан коркуу үчүн жетиштүү негиз болсо, -

кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдын кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-140)
