# 138-берене. Уруп-сабап кыйноо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 138-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-138

---

1. Эки же андан көп жолу уруп-сабоо же болбосо башка зомбулук аракеттер менен дене боюна же психикалык жапа чегүүгө алып келсе, эгерде ушул Кодекстин 130 жана 131-беренелеринде каралган кесепеттерге алып келбесе, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) кош бойлуу аялга карата;

2) балага же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамга, ошого тете уурдалган же барымтага алынган адам катары кармалган адамга;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамдарга карата;

2) жалдоо боюнча;

3) социалдык, улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктүн же касташуунун негизинде,

4) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-137)  
Кийинки берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-139)
