# 137-берене. Кыйноолор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 марта 2026 года № 30 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230043099)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=41037..50116>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 137-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-137

---

1. Кызмат адамы же расмий ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу адам тарабынан же болбосо анын алдын ала билип тукуруусу менен же анын аракетсиздигинин натыйжасында жасалган кайсы бир адамдан же башка адамдан маалымат алуу же мойнуна алдыруу, ал же башка адам жасаган же болбосо ал же башка адам жасады деп шектелген жосун үчүн аны жазалоо, ошого тете аны же башка адамды белгилүү бир жосундарды жасоого мажбурлоо же коркутуу максатында же ар кандай мүнөздөгү басмырлоонун себеби боюнча физикалык же психикалык кыйноо, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) кош бойлуу аялга же балага карата;

2) майыпка же алсыз абалдагы башка адамга карата;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

5) өзгөчө мыкаачылык менен, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ден соолукка оор залал келтирүүгө же этиятсыздыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2026-жылдын 19-мартындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-138)
