# 136-берене. Ден соолукка жеңил залал келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 251 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033543)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=40585..40773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 136-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-136

---

1. Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту олуттуу эмес туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка жеңил залал келтирүү, -

200дөн 500 эсептик көрсөткучкө чейин айып салууга же кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартууга жазаланат.

2. Адамга карата анын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу жасалган ушундай эле жосун, -

500дөн 1 000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 251 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-135)  
Кийинки берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-137)
