# 130-берене. Ден соолукка оор залал келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 130-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-130

---

1. Зыян келтирүү убагында өмүргө коркунучтуу болгон денеге залал келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор залал келтирүү же көрүү, сүйлөө, угуу же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка залал келтирүү, эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготууга, же болбосо билип туруп кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) үй-бүлө мүчөсүнө же ага теңештирилген адамга карата;

2) эки же андан көп адамга карата;

3) кош бойлуу абалдагы аялга карата;

4) алсыз абалдагы адамга же балага карата;

5) адамдын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата;

6) расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (арздашуунун) негизинде;

7) адамды уурдоо же барымтага алуу менен;

8) каракчылык же опузалап талап кылуу менен;

9) зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен;

10) өзгөчө мыкаачылык менен;

11) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында;

12) бейбаштык максатта;

13) пайда көздөө максатында же жалдоо аркылуу;

14) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;

15) адамдардын тобу тарабынан;

16) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга карата жасалса, же этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында, же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор залал) алып келсе;

2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалса;

3) уюшкан топ тарабынан жасалса;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса;

5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасапса-

сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы N 161, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-131)
