# 13-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштарга карата кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 13-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-13

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Кылмыш Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган деп төмөнкүдөй учурларда таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында башталса, аякталса же бөгөт коюлса;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында жасалса, ал эми кесепеттери анын чегинен тышкары жерде келип чыкса;

3) жыйындысында же башка жосундар менен катар кылмышты түзүп, анын стадияларынын бири Кыргыз Республикасынын аймагында жасалса.

3. Колдонуудагы мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолбой турган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн жана башка жарандардын кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө маселе, бул адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасалган учурда эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде дипломатиялык жол менен чечилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-14)
