# 129-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 129-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-129

---

1. Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү, башкача айтканда көндүрүү, алдоо же башка ыкма менен башка адамдын өзүн-өзү өлтүрүүгө болгон чечимин пайда кылуусу, бул жабырлануучу өзүн өлтүрүүгө же өзүн өлтүрүүгө аракет кылууга алып келсе, -

алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата, же балага карата жасалган ошол эле жосун, ага тете телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-130)
