# 128-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 128-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-128

---

1. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүчү зомбулукту колдоном деп коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын кемсинтүүсү, бул байкабастан жабырлануучуну өзүн-өзү өлтүрүүгө же ага аракет кылууга жеткирсе, -

алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата, же балага карата жасалган ошол эле жосундар, ага тете эле телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү максатында жасалган адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү зомбулукту колдоном деп коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын кемсинтүү, бул жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүсүнө алып келсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-129)
