# 121-берене. Алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан жапа чеккен адамдарды дарылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 121-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-121

---

1. Алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан жапа чеккен адамдар кылмыш жасаган учурда, медициналык корутунду болсо, сот мындай адамдарга жаза менен кошо мажбурлап дарылоону дайындайт. Соттолгондордун дарыланууга карата мамилеси ушул Кодекстин 91-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө маселени чечүүдө сот тарабынан эске алынат.

2. Эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чараларына соттолгон көрсөтүлгөн адамдар медициналык мекемелерде дарыланууга тийиш. Мындай адамдар эркиндигинен ажыратууга соттолгон учурда, алар жазасын өтөп жаткан жерде, ал эми бошотулгандан кийин дарыланууну улантуу зарыл болсо - медициналык мекемелерде дарыланууга тийиш.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-122)
