# 120-берене. Акыл-эси соо экени жокко чыгарбоочу, психикасы бузулган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 120-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-120

---

Акыл-эси жайындалыгын жокко чыгарбоочу, психикасы бузулган, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата колдонулуучу медициналык мүнөздөгү чаралары врач-психиатрдын амбулатордук байкоо жүргүзүүсүн, психиатриялык стационарда дарылоо, ошондой эле жаза өтөө убагында психикалык-терапиялык жана психикалык-коррекциялык чараларды жүргүзүүгө өбөлгө түзүүчү шарттарды түзүүнү камтыйт. Адамдын психикалык абалы начарлап өзгөргөн учурда, врач-психиатрдын сунуштамасы менен стационардык дарылоо жүргүзүлөт. Аталган адамдар эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чарага соттолгондо, дарылоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-121)
