# 12-берене. Кылмыш-жаза мыйзамын өткөн убакытка карата кайра колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 12-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-12

---

1. Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу же кылмыштуу жосундун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү мыйзам өткөн убакытка карата колдонулат, башкача айтканда тиешелүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган адамдарга, анын ичинде жаза өтөп жаткан же аны өтөгөн адамдарга жайылтылат.

2. Жосундун кылмыштуулугун белгилөөчү же кылмыштуу жосундун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин күчөтүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

3. Жосундун кылмыш-жаза-укуктук натыйжаларын жарым-жартылай жеңилдетүүчү жана жарым-жартылай оордотуучу мыйзам убакыт жагынан ушул натыйжаны жеңилдеткен бөлүгүндө гана колдонулат.

4. Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып өкүм чыгарган мезгилге чейин кылмыш-жаза мыйзамы бир нече жолу өзгөрүлсө, анда алда канча жеңил мыйзам колдонулат.

5. Тарбиялык жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар сотто ишти карап жаткан убакытта колдонулуп жаткан мыйзамдын негизинде гана колдонулат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-13)
