# 119-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу убактысын кошуп эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2022 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=1283356..1283357>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 119-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-119

---

1. Кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында, өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын бузуучу ооруга чалдыккан адамга, өзүнүн аракеттерин аңдап билүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин, эгерде эскирүү мөөнөтү өтпөгөн болсо, же аны кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу үчүн башка негиздер болбосо, сот тарабынан жаза колдонулушу мүмкүн. Эгерде мындай адамга жаза колдонулса, анда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакыт психиатриялык стационарда өткөн бир күндү эркиндигинен ажыратылган бир күнгө эсептөө менен жаза мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

2. Балдардын жыныстык кол тийбестигине жана (же) руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасаган, кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын бузуучу ооруга чалдыккан адамга өзүнүн аракеттерин аңдап билүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин сот тарабынан жаза колдонулат. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакытты эсептөө ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-120)
