# 118-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү, токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 118-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-118

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү, токтотуу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусунун негизинде сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же алардын түрүн өзгөртүү жөнүндө сот алдында өтүнүчтү козгоо тууралуу маселени чечүү үчүн, врач-психиатрлардын комиссиясынын алты айда бир жолудан кем эмес күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын өзгөртүү же жокко чыгаруу үчүн негиздер болбогондо, врач-психиатрлардын комиссиясы ушул чараны колдонууну узартуу жөнүндө корутунду берет, ал кароо үчүн дарылоо мекемесинин администрациясы тарабынан сотко жылына бир жолудан кем эмес жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-119)
