# 117-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын дайындоонун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 117-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-117

---

1. Милдеттүү түрдө амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо (мажбурлап диспансерлештирүү) оорусунун күчөөсүнүн белгилери байкалбаган психикалык оорулуу адамдарга, ошондой эле убактылуу психикасын бузган ооруну башынан өткөргөн адамдарга карата жигердүү байкоо жүргүзүү, оорунун өнөкөткө айланышын жана ушул Кодексте каралган жаңы жосундарды жасоосунун алдын алуу үчүн дайындалышы мүмкүн.

2. Адаттагыдай байкоо менен психиатриялык ооруканага жаткыруу, психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган, жасалган жосундун мүнөзү боюнча ооруканада кармоого муктаж болгон оорулуу адамга карата дайындалышы мүмкүн.

3. Күчөтүлгөн байкоо менен психиатриялык ооруканага жаткыруу, ушул Кодексте каралган жарандардын өмүрүнө кол салуу менен байланышпаган жосун жасаган, бирок психикалык абалы боюнча айланасындагыларга коркунуч келтирүүсү мүмкүн болгон оорулуу адамга карата дайындалат.

4. Катуу байкоо менен психиатриялык ооруканага жаткыруу, психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган жасаган жосунду мүнөзү боюнча коомго жана айланасындагылар үчүн өзгөчө коркунуч келтирген оорулуу адамга карата дайындалат.

5. Күчөтүлгөн жана катуу байкоого алуу менен психиатриялык ооруканаларга жаткырылган адамдар, ушул Кодексте каралган жаңы жосунду жасоо мүмкүндүгүн болтурбоочу шарттарда кармалат.

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-118)
